Pegasus Airlines Британия-Түркия каттамдары тууралуу билдирүү жасады

Британиядан Түркияга кирүүлөр убактылуу токтотулган болчу.

1556108
Pegasus Airlines Британия-Түркия каттамдары тууралуу билдирүү жасады

Pegasus Airlines авиакомпаниясы Британиядан Түркияга учкан учактардын убактылуу токтотулушу тууралуу билдирүү жасады.

Компаниянын социалдык медиа баракчасынан берилген билдирүүдө Британиядан Түркияга кирүүлөрдүн убактылуу токтогондугу эске салынып: «Расмий бийликтин чечими боюнча 2021-жылдын 2-январынан тарта Британиядан биздин өлкөгө жүргүзүлгөн учак каттамдарда башка өлкөгө учуусун улантуучу транзиттик жүргүнчүлөр гана кабыл алынат. Транзиттик жүргүнчүлөр акыркы баруучу өлкөнүн эрежелерине ылайык каттамга киргизилет», делди.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа кечээ кечинде жасаган билдирүүсүндө, жакында Британиядан өлкөгө кирген 15 кишиде жаңы мутацияга туура келген коронавирус табылгандан кийин бул өлкөдөн Түркияга кирүүлөрдүн убактылуу токтотулганын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар