Түркия террордук уюмдар менен күрөшүүсүн чечкиндүү улантууда

Ички иштер министрлиги жана Улуттук коргоо министрлигинин маалыматтары жарыяланды.

1435596
Түркия террордук уюмдар менен күрөшүүсүн чечкиндүү улантууда

Сиирттин Эрух Жираф аймагында жок кылынган террорист саны 4кө жетти.

Ички иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, ички коопсуздук операцияларынын алкагында Сиирттин Эрух Жирах аймагында Облустук жандармерия командирлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан абадан коштолгон операцияда дагы 2 террористтин жок кылынганы белгиленди.

Мындан мурда ошол эле аймакта ишке ашкан операцияларда 2 террорист жок кылынган болчу.

Ушундайча Сиирттин Эрух Жираф аймагында жок кылынган террорист саны 4кө жетти.

Жарыяда аймакта операциялар улантылып жатканы маалымдалды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу да Твиттер барагынан берген маалыматында операция тууралуу, «Сиирттин Эрух Жирафында кызмат уланат...Губернаторубуз, Облустук жандармерия командирлигибиз жана жанын аябас жолдошторум менен азыр сүйлөшүү өткөрдүм...Дагы 2 террорист жок кылынды! Бүгүн азырынча 4 болду...»,деп жазды.

Бир тараптан Ички иштер министрлиги Шырнактын Фарашин аймагы менен Диярбакырда жүргүзүлгөн операцияда 3 террористтин жок кылынганын жарыялады.

Диярбакырдагы абадан коштолгон операцияда жок кылынган террористтин болсо кызгылт-сары түстүү тизмеде орун алган Экрем Ипташ экендиги белгиленди.

Бул учурда Улуттук коргоо министрлиги тарабынан жазуу түрүндө берилген маалыматта, Сирияда «Тынчтык булагы» аймагына өтүү аракетин кылган террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 3 террористтин десанттар тарабынан жок кылынганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар