Сомалиден эки түрк жаранынын жаназасы менен жараланган 16 сомалилик Анкарга алып келинди

Жаралуу сомалиликтер дарылануу үчүн түрдүү ооруканаларга жиберилди.

1331739
Сомалиден эки түрк жаранынын жаназасы менен жараланган 16 сомалилик Анкарга алып келинди
somali saglik ekibi.jpg

Сомалинин борбор шаары Могадишодогу террордук кол салууда каза болгон Туран Севи жана Мехмет Капландын жаназасы менен жараланган 16 сомалилик Түркияга алып келинди.

Борбор шаар Анкарага алып келинген 2 түрк жаранынын жаназасы үй  - бүлөлөрүнө тапшырылуу үчүн ооруканага алып барылды. Жаралуу сомалиликтер да дарылануу үчүн түрдүү ооруканаларга жиберилди.

Учакты тосуп алуу үчүн аэропортко барган саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа бул жерде сүйлөгөн сөзүндө дос жана бир тууган өлкө Сомалиде болгон жарылууну наалаттады. Кожа түрк куралдуу күчтөрүнө таандык тез жардам учагын, 20 кишилик саламаттык сактоо тобун Сомалиге жиберишкендерин белгиледи.

Учак менен алып келинген сомалиликтердин саламаттыгына байланыштуу маалымат берген Кожа 16 жаралуудан төртөөсүнүн реанимацияга алынгандыгын билдирди.

Сомалинин Анкарадагы элчи кеңешчиси Сүлейман Мухаммед Карси да жардамдар үчүн Түркияга жана президент Р. Т. Эрдоганга ыракмат айтты : «Түркия бизге ар дайым колдоо берди. Бир туугандар кыйын күндөрдө белгилүү болот. Түркия биздин бир тууган өлкөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар