Террористтерге каршы күрөшүүдө Сирия улуттук армиясынын 144 аскери шейит кетти
Сирия улуттук армиясы, Түрк куралдуу күчтөрүнө көмөк көрсөтүүсүн улантып жатат.
Түркиянын террордук уюмдарга каршы жүргүзгөн «Тынчтык булагы» операциясында издөө-тинтүү иштери уланып жатканда, Сирия улуттук армиясынын террордук уюм ЙПГ/ПККнын куралдуу кол салууларынын себебинен шейит кеткен аскерлеринин саны 144кө жетти.
Сирия улуттук армиясы, Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймактагы коопсуздуктун сакталышы үчүн издөө-тинтүү иштерине көмөк көрсөтүүсүн улантып жатат.
Операция токтогондон кийин Тель-Абьяд жана Рас-эль-Айндын чөйрөсүндөгү фронтторду көзөмөлдөгөн Сирия улуттук армиясы, террористтердин кол салууларына каршы күрөшүп жатат.
Аянттагы Сирия улуттук армиясынын командирлигинен алынган маалыматка караганда, 9-октябрдан бери Сирия улуттук армиясынын 144 аскери шейит кетти, 557си жараланды.