Чавушоглунун Вашингтондогу жолугушуулары жана дипломатия

НАТОнун Тышкы иштер министрлеринин жыйналышынын алкагында Вашингтондо жүргөн тышкы иштер министри Чавушоглу, АКШ Конгрессинде жолугушууларды өткөрдү.

1176870
Чавушоглунун Вашингтондогу жолугушуулары жана дипломатия

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын Өкүлдөр палатасынын тышкы байланыштар комитетинин жетекчиси, демократ Элиот Энгель жана улук мүчөсү, республикачыл Майкл Маккол менен жолугушту.

НАТОнун Тышкы иштер министрлеринин жыйналышынын алкагында Вашингтондо жүргөн тышкы иштер министри Чавушоглу, АКШ Конгрессинде жолугушууларды өткөрдү.

АКШнын Өкүлдөр палатасынын тышкы байланыштар комитетинин жетекчиси, демократ Элиот Энгель жана улук мүчөсү, республикачыл Майкл Маккол менен болгон жана Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылыч да коштоп барган жолугушууда министр Чавушоглу, Түркия-Америка карым-катнаштарын кызыктырган актуалдуу тема жана маселелерди алар менен карап чыкканы жана Түркиянын позициясын түшүндүргөнү маалымдалды.

Бир тараптан Чавушоглу, Чехия жана Түндүк Македониянын тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Бул жолугушууларын социалдык медиа Твиттер барагынан бөлүшкөн Чавушоглу: «Чехиянын тышкы иштер министри Томас Перичек менен эки тараптуу соода көлөмүбүз, эки тараптуу инвестициялардан баштап Түркия-Чехия карым-катнаштарын карап чыктык»,-деп жазды.

Чавушоглу, Түндүк Македониянын тышкы иштер минтстри Никола Димитров менен болгон жолугушуу тууралуу да «Түндүк Македониянын тышкы иштер министри Никола Димитров менен жолугушуубузда эки тараптуу карым-катнаштарыбызды жана аймактык темаларды карап чыктык. Түндүк Македонияны НАТОнун 30-мүчөсү катары эң кыска убакта арабызда көргүбүз келгенин дагы бир жолу баса белгиледик»,деген серебин салды.

Министр Чавушоглу, НАТОнун 70-жылдыгынан улам бүгүн боло турган НАТОнун Тышкы иштер министрлеринин жыйналышына катышуу үчүн Вашингтондо жүрөт. Чавушоглунун Вашингтондогу жолугушууларынын алкагында Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон менен да эртең жолугушуу өткөрүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар