Греция Түркия кызыл бюллетень менен издеген кылмышкерди эркин койо берди

Түркия кызыл бюллетень менен издеген Менгиндин алдамчылык жана пара талап кылуу менен такталган абак жазасы бар.

968105
Греция Түркия кызыл бюллетень менен издеген кылмышкерди эркин койо берди

Грецияда кыска убакыт мурда камоого алынган жана Түркия кызыл бюллетень менен издеген Кушадасы маринасынын мурунку директору Хайдар Менги Европада мыйзамдуу түрдө жашап жатат деген негиз менен 20 миң евролук күрөө менен эркин койо берилди.

Грек медиасындагы кабарларга караганда Салоникидеги Диавита абагында кармалган 62 жаштагы Менгиндин камоо тууралуу нааразычылыгы Салоники апелляциялык сотунда каралды. Сот адилеттик текшерүү жана өлкө тышына чыгууга тыюу салынган Менгиндин туруктуу жашаган жеринин Греция экендигин жана Европада мыйзамдуу түрдө жашап жаткандыгына чечим чыгарып, Түркиянын тапшыруу талабы  каралганга чейин Афинадагы үйүндө болушуна чечим чыгарылды.

Түркияга тапшыруу талабына байланыштуу документтердин түрк мекемелери тарабынан толуктатылышынан кийин жаңы бир сот күнү белгиленет. Менги 24 -  июлдагы шайлоодо Демократиялык партиядан депутаттыкка талапкер экендигине байланыштуу документ билдирди.

Түркия кызыл бюллетень менен издеген Менгиндин алдамчылык жана пара талап кылуу менен такталган абак жазасы бар.



Тектеш кабарлар