Ибади Анкарага келе жатат

Президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алына турган Ибади, премьер-министр Бинали Йылдырым менен да жолугат.

833807
Ибади Анкарага келе жатат

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади расмий сапар менен бүгүн Түркияга келет.

Президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алына турган Ибади, премьер-министр Бинали Йылдырым менен да жолугат.

Ирактын премьер-министри кечээ Багдадда өткөргөн жумалык маалымат жыйынында Анкарага жасай турган сапар тууралуу маалымат берди.

Ибади: «Түркияда эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн арттырылышы менен калган экономикалык жана соода карым-катнаштарынын өнүктүрүлүшү, суу маселеси, чек ара капкаларынын текшерилиши сыяктуу маанилүү стратегиялык темаларды карайбыз. Ирактагы Керкүк стратегиялык түтүк жолунан (Керкүк-Жейлан) Түркияга кайрадан мунай зат экспорттогубуз келет»,-деди.

«Аймактын коопсуздугунун камсыздалышы темасында Түркия менен олуттуу кызматташтыкка муктаждыктары болгонун баса белгилеген Ибади: «Бул тууралуу жаңы Ирак-Түркия биргелешкен көз карашын түзөбүз. Түркиянын жикчил террор уюму ПККнын аймакта болушу жана аймактын бөлүнүшү тууралуу олуттуу жана акылуу санааркоолору бар. Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) 25-сентябрдагы мыйзамсыз референдумун да улуттук коопсуздуктарына коркунуч катары карашууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар