Түрк басма сөзү 17.04.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2128566
Түрк басма сөзү 17.04.2024

«Йени Шафак» гезити «Эрдоган: Эрбилге барышым мүмкүн» аттуу кабарында Кабинет жыйынынан кийин комплексте Президенттик аппараттын кабарчылары менен баарлашкан президент Эрдогандын алдыдагы күндөрдө Иракка пландаган сапарынын маанисине токтолуп: «Көптөгөн келишимдерге кол коюлат. Түркия-Ирак карым-катнаштарын башка негизге коебуз. Эрбилге да барышым мүмкүн»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Газага 9-жардам кемеси Мерсинден жөнөп кетти» аттуу маалыматында Түрк Кызылайы тарабынан Газага жеткирилиши үчүн даярдалган 3 миң 774 тонна гуманитардык жардам материалы жүктөлгөн кеменин кечээ Эл аралык Мерсин портунан жолго чыкканын билдирген. Түрк Кызылайынын төрайымы Фатма Мерич Йылмаз: « Газага бүгүнкү күнгө чейин 13 учак жана 8 кеме барды. 9-кемебизди жөнөттүк. Бул кемебиз ушул убакка чейин бир сапарда эң көп жардамды алып кеткен кеме болду», - деди.

«Хүррийет» гезити «Түркиянын алгачкы ата мекендик байкоо спутниги IMECE биринчи жылын ийгиликтүү аяктады» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажырдын, Түркиянын биринчи жогорку чечилиштеги ата мекендик жана улуттук байкоо спутниги IMECEнин космостогу биринчи жылын аяктаганын жарыялаганын жазган. Кажыр социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, IMECEнин орбитага чыккандан бери миссиясын ийгиликтүү аткарганын айтты.

«Стар» гезити «Түркия менен Азербайжан бирге негиздешти» аттуу маалыматында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин, Түркия менен Азербайжандын кызматташтыгында курулуусу пландалган Түркия-Азербайжан университетин расмий түрдө бекиткенин билдирген.

«Ватан» гезити «КЕМАНКЕШ 2 Мини смарт канаттуу ракетасынын сыноо процесси башталды» аттуу кабарында Байкар тарабынан иштелип чыккан жогорку технологиялуу учкучсуз системалардын сыноолорунун ийгиликтүү уланып жатканын жазган. Эдирненин Кешан районундагы Байкар учуу машыгуусу жана сыноо борборунда жүргүзүлө турган КЕМАНКЕШ 2 Мини смарт канаттуу ракетасынын сыноо процесси башталды.  



Тектеш кабарлар