Түрк басма сөзү 15.04.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2127560
Түрк басма сөзү 15.04.2024

«Хабер түрк» гезити «Тышкы иштер министрлиги сабырдуулукка чакырды» аттуу кабарында Тышкы иштер министрлигинин Иран-Израиль чыңалуусуна байланыштуу билдирүүсүндө тараптарды сабырдуулукка чакырганын жазган. Билдирүүдө, "Израилдин Ирандын Дамасктагы элчилигине каршы эл аралык мыйзамдарды бузган кол салуусу биздин тынчсызданууларыбыздын канчалык туура экенин ортого салды. Ирандын бул кол салууга жооп кайтаруусу жана андан кийинки окуялар кырдаалдын ылдам түрдө аймактык согушка айланышы мүмкүн экенин дагы бир жолу көрсөттү»,-деп айтылды.

«Стар» гезити «Чыңалууну арттыра турган кадамдар токтошу керек» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын ирандык кесиптеши Хусейн Эмир Абдуллахианга, Израилге жооп кайтарылгандан кийин аймакта чыңалуунун дагы да күчөшүн каалабагандарын жана чыңалууну арттыра турган кадамдардын токтошун каалашкандарын айтканын билдирген.

«Сабах» гезити «Түркиянын критикалык ролу» аттуу кабарында дүйнө жүзү Ирандын Израилге жооп кайтаруусунан сөз кылып жатканда, кол салуудан мурда Анкаранын ойногон ролунун көңүлдөрдү бурганын жазган. Тышкы иштер министрлиги Иран менен АКШнын өз ара күтүүлөрү жана билдирүүлөрүнүн Түркия аркылуу жеткирилгенин кабарлады.

«Йенишафак» гезити «Синжарга чейин коопсуздук алкагы» аттуу маалыматында Түркиянын Ирактын түндүгүнө карай операциясынын биринчи этабында террордук уюм ПККга колдоо көрсөткөн айыл жана кыштактардын тазалана турганын билдирген. Андан соң Хакурктан Метина, Зап, Авашин жана Хафтанинге чейин созулган террордук түзүлүш жок кылынат. Андан кийинки этапта түзүлгөн «Коопсуздук алкагынын» астындагы Махмур, Сулеймание, Кандил жана Синжар аймактарында операция жүргүзүлөт.

«Хүррийет» гезити «Грек министринин Түркияга билдирүүсү» аттуу кабарында Грециянын тышкы иштер министри Йоргос Йерапетритис түрк-грек карым-катнаштары үчүн жылуу билдирүүлөрдү берип: «Балдарымдын тынч аймакта жашашын каалайм. Мен аларга тынч аймакты аманат кылгым келет»,- дегенин жазган.



Тектеш кабарлар