Түрк басма сөзү 5.04.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2125004
Түрк басма сөзү  5.04.2024

"Йени шафак" гезити "Улуттук Коопсуздук кеңешинде террор менен күрөшүүгө басым жасалды" деген кабарында, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Улуттук Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин берилген жазуу түрүндөгү маалыматта террор менен күрөшүүгө басым жасалгандыгы билдирилди. Билдирүүдө : "Аймактарыбыздын келечегинде террордук уюмга жана алардын колдоочуларына орун берилбейт",- деп айтылды. 

"Хабер түрк" гезити "Улуттук Коопсуздук кеңешинде Газада тынчтык аракеттерин колдоого чакыруу жасалды" деп билдирип,  "Улуттук Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө эл аралык коомчулукка Газа калкына жана жардам мекемелерине карата кол салуулардын эртерээк акырына чыгарылышы жана аймакка кенен түрдө гуманитардык жардамдардын жеткирилиши менен туруктуу тынчтык үчүн Түркия көрсөткөн аракеттерди колдоого чакырылганын жазган. 

"Ватан" гезити "Бардык убактардын экспорт рекорду жаңыланды" деген маалыматында  соода министри Өмер Болаттын Түркиянын март айындагы экспортунун 22 миллиард  578 миллион доллар болуп ишке ашканын белгилегенин билдирген. Январь - март айларындагы экспортто  63,7 миллиард доллар менен бардык убактардын экспорт рекорду жаңыланды.

"Стар" гезити "ТУСАШтын жаңы технологиясы Бириккен Араб Эмирлитеринин көңүлүн бурду" деп жазып, Түркиянын коргоо өнөр жайынын продукциясы КААН жана ХҮРЖЕТте да колдонулган ТУСАШ технологиясынын конуу жабдыктары жана субсистемалары БАЭнин эң чоң коргонуу жана космостук фирмаларынын көңүлүн бурду. Системаларды иштеп чыккан TAAC биирнчи өлкө тышы келишимине БАЭ менен  кол койгонун кабарлаган.

 

"Сабах" гезити  "Стамбул аэропорту Европада биринчи орунда" деген макаласында Европа Аэронавигация коопсуздугу уюмунун 25-31-март мезгилин камтыган аба кыймылынын статистикасына ылайык, Стамбул аэропорту күнүнө 1328 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту болгонун маалымдаган.

 

 



Тектеш кабарлар