Түрк басма сөзү  25.01.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалымааттар.

1570398
Түрк басма сөзү  25.01.2021

«Ватан» гезити «Деңиз патрулдук учагы биринчи кызматтык учушун ишке ашырды» деген кабарында деңиз күчтөрү командирлигинин инвентарына кирген TCB – 751 номериндеги P – 72 патрулдук учак кечээ биринчи жолу учушун аткаргандыгын жазган. Кызматтык учушун аткаргандан кийин улуттук коргоо министри Хулуси Акар коштоосундагы башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер жана кургактык күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Үмит Дүндар менен учакта иликтөө жүргүздү.

«Йени шафак» гезити «Министр Дөнмез жарыялады : «Фатих» бургулоо кемеси  жаңы аялдамасында» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин кечээ берген маалыматында «Фатих» бургулоо кемесинин Кара деңиздеги жаңы аялдамасы Түркали  - 2  кудугуна баргандыгын белгилегенин маалымдаган. Дөнмез : «Кемебиз даярдыктарынан кийин Сакария газ аянтындагы иштерин баштайт. Кара деңиздин Фатихи ишин үзгүлтүксүз улантууда», -деди.

«Стар» гезити «Кара деңиздин 2020 -  жылдагы экспортунда Трабзон алдыңкы орунда турат» деген макаласында Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинен берилген маалыматка караганда Кара деңиздеги 18  облустан өткөн жылы 14  миллирд 486 миллион 225 623  долларлык экспорттун ишке ашырылгандыгын жазган. Бул сатууда 1 миллиард  60 миллион 807 778 долларлык үлүш менен аймактын экспортунун 24 пайызын камсыздаган Трабзон биринчи орунду алды.

«Хабер түрк» гезити «Демиржинин кол килеми Ыраакы  Чыгыш базарына чыкты» деген кабарында Манисанын Демиржи районунда өндүрүлгөн кол килемдери ички базар жана Европа өлкөлөрүнөн кийин эми Кытай жана Япониянын базарларына жибериле баштагандыгын билдирген.

«Хүррийет» гезити «Месут Өзил Фенербахчеде» деген маалыматында Фенербахченин Месут Өзил менен 3,5 жылдык келишимге кол койгондугун жазган. Сары – көк команда Месут Өзилдин трансферин «Түш чындык болду» деген темада жарыялады.



Тектеш кабарлар