Жакынкы Чыгышта  согуш

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

2056959
Жакынкы Чыгышта  согуш

Хамаска караштуу Иззеттин Кассам бригадалары жана башка күчтөр  7 -  октябрда күтүүсүз кыймыл баштап Израилди бутага алышы менен чоң кагылышуу башталып, Израиль өч алуу үчүн Газа тилкесин бомбалады. Газада чоң гуманитардык трагедия  болуп, Израиль кургактыктан кол салууларга даярданууда. Израилдин кыймылдары  Газадан палестиналыктарды чыгарууну каалагандыгын көрсөтүп, Ливан линиясында Хизбуллахтын согушка кошулушу менен аймактык кагылышуу ыктымалы да  өзүн көрсөтө баштады.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

7 -  октябрь күнү таңга жуук Хамаска караштуу  каршылык көрсөтүү уюму Иззеттин аль - Кассам жана башка палестиналык топтор Израилге каршы аскердик операциясын баштап, кыска убакыта Израилдин Газанын айланасында жайгашкан аскердик базаларын колго алып, каршы чыгуу топтору колдонгон жаңы аскердик техника, тактика жана доктриналар Израилди таң калтырды. Израиль армиясы жооп кайтарууда кыйынчылык тартып, палестиналыктар Газанын дээрлик  2 – 3  эсесинчелик бир аймакты да кыска убакытка колго алды. Ошол эле учурда Израиль басып алган жерлерде  түзгөн отурукташуу жерлери да бутага алынды жана көп сандаган отурукташуучу өлтүрүлдү. Палестиналыктар  250гө жакын аскер жана отурукташуучуну да туткунга алып Газага алып барышты. Булар менен бир эле убакта Израиль тарабына ракеталар да атылды.

 Бул Израилде Газанын айланасындагы аскердик бөлүктөрүнүн жок кылынышы жана туткунга алынышы көп убакыттан бери жашабаган коркууну жаратты. АКШ абдан ылдам аскердик жардам тууралуу билдирүүлөрдү берип аба көпүрөсүн түзүүгө аргасыз болду. Израиль армиясы болсо бир канча убакыттан кийин каршы кол салуу жасап отурукташуу жерлерин кайрадан колго алып Газага карата абадан оор кол салууларды баштады. Ансыз да ондогон жылдардан бери блокада астындагы Газага суу, азык  - түлүк, электрдин өтүшүнө бөгөт коюп бул жерде жалпы жазаландыруу баштатты. Израилдик аскердик жана жарандык жетекчилер кургактыктан кол салуу болорун баса белгилеп, Газанын инфраструктурасы жана суперструктурасы бутага алынууда. Бул жазыла баштаганга  чейин Газада 5 миңден ашуун киши каза болгон жана алардын басымдуу көпчүлүгү аялдар менен балдардан турат.  Израиль Газаны жашоого болбой турган абалга алып келип,  палестиналыктарды Сина жарым аралына депортациялоо аракетинде. Кассам болсо жерди басып алууга көптөн бери даярданып жаткан. Газанын алды жүздөгөн километрдик туннель линиялары менен камсыздалып жана ассиметриялык бир күч катары турак-жай аймактарында согушту күтүп жатат.

 Газа тилкесинде булар болуп  Ливан чек арасы да  кыймылдуу. 7 -  октябрдан бери  чек ара линиясында Израиль менен Хизбуллахтын арасында кагылышуулар болууда, азырынча толук өлчөмдүү согушка айлана элек бирок эки тарап тең жоготууларга учурап, кагылышуулар күч алууда. Иранга караштуу «каршылык көрсөтүү» канатынын  бир бөлүгү болгон Хизбуллах Израиль  кургактыктан кол салуу баштай турган болсо согушка толугу менен кирүү боюнча коркутуп, Иранга караштуу башка элементтер да Ирак жана Сирия линиясында АКШ базаларын аткылай баштады.

Израиль аесуз түрдө Газаны бутага алууну улантууда, кургактыктан кол салуу менен согуштун аймактык согушка айлануу ыктымалы жогору.  Албетте АКШнын аймакка аскер жиберүүсү да көңүлдөрдү бурууда. Криттен Кипрге АКШ чоң бир согушка даярданып жаткандай көрүнүүдө. Батыштык өлкөлөрдүн Израилди колдошу, Израилди дагы да агрессивдештирип, Жакынкы Чыгышты бир апаатка жетелеп жатат. Башта АКШ болгон батыштык мамлекеттер өз кызыкчылыгынын тышында Израиль тарабынан манипуляцияланып, кырдаалдын эч кимге пайда алып келбей турган эскалация толкунун козгоп жаткандай.

Түркия бул туюк айлампадан чыгуу үчүн ок атышпоо жана саясий чечим сунушу менен маселеге тездик менен жакындашууда. Президент Эрдоган Израилдин Газадагы кыргындарына каршы барган сайын катуулашып баратса да  чечүүчү жол үчүн күрөшүн улантууда. Кепилдик мекемеси  аркылуу чечүү жолду сунуштап жатат. Антпесе баары зыян тарта турган кагылышуу айлампасынан чыгуунун мүмкүн эмес экендигин баса белгилеп жатат. Бул жерде оболу ок атышпоо, израилдик жана палестиналык туткундардын бошотулушу, Газага карата блокаданын жоюлушу жана түрк аскери да болгон тынчтык күчү Газага жайгаштырылгандан кийин чоң бир эл аралык конференция өткөрүү сыяктуу так сунуштар көңүлдөрдү бурууда.



Тектеш кабарлар