Израиль  Рафахта кыргынга даярданууда

Апталык анализ - 19.2024

2138261
Израиль  Рафахта кыргынга даярданууда

 

Көптөн бери Египет жана Катардын ортомчулугунда улантылып жаткан ок атышпоо сүйлөшүүлөрүнүн акырында Хамас ок атпоо келишимин кабыл алгандыгын билдирди. Бул билдирүүдөн кийин эл аралык коомчулук ок атышпоо күтүп, Нетаньяху болсо эмне болсо болсун Рафахты бутага алышарын айтып Израилдин дагы бир жолу ниетин ачык билдирген болду. Израиль Рафахты кургактыктан жана абадан бутага алууну баштап, Нетаньяхунун тынчтык эмес Газаны жок кылууну каалагандыгы ачык экендиги байкалды.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажунжун бул тууралуу баа берүүсү

7 -  октябрдан бери Израль аёсуз түрдө Газага кол салууну улантууда. Ушул кезге чейинки кол салууларда  35 миңдан ашуун киши каза болду. Израиль аял, бала дебестен кыргын кылып жатат. Оккупациянын башталышынан бүгүнкү күнгө чейин Израилдин максаты Газаны жашоого жараксыз кылып, катуу бомбалоо жана аймактагы элди Египеттин Синай жарым аралына сүрүү болчу. Ушул алкакта Газадагы акыркы чеп болгон Рафах да Израилдин бутасы астында. 

Рафах Газанын Египет менен чектеш аймагындагы чек ара капкасын да камтыган аймак. Негизинен Израилдин блокадасына каршы Газанын бир бөлүгү да болсо дүйнөгө ачылган каалгасы эле.  Эл аралык жардамдардын чоң бөлүгү  бул жерден берилген. Мындан тышкары Израилдин акырындык менен күчөгөн басып алуу жана кыргындарына каршы бир жарым миллиондон ашуун газалык Рафах аймагына баш калкалады. Эми Израиль Рафахты бутага алуу менен чоң кыргынга даярданууда. 

Көптөн бери Египет жана Катардын ортомчулугунда уланып жаткан ок атышпоо сүйлөшүүлөрүндө Хамас оң кыймыл кылып келишим шарттарын кабыл алгандыгын  эл аралык коомчулук менен бөлүшкөн мезгилде Израиль  келишим шарттарын кабыл албагандыгын жарыялап Рафахка кол сала баштады. Кургактыктан жана абадан кол салууга өткөн Израиль армиясына караштуу бронетехникалары Рефах чек ара капкасын да басып алды. Ушундайча  Египет аркылуу келген жардамдар токтогон болду. Рафахка карата кол салуулардын күчөшү он миңдеген кишинин каза болушуна себеп болот. Акырында абдан тар бир аянтта бир жарым миллион киши бар, Израиль атайылап Рафахты да бутага алуу менен газалыктарды Египетке Синай жарым аралына сүрүүнү каалап жатат. Бул ачык эле депортация жана геноцид аракети. АКШ сыяктуу Израилди шартсыз колдогон өлкөлөр да Газага кол салууларды токтотуу үчүн Нетаньяхуга кысым көрсөтүүнү каалайт  бирок Израиль менен Нетаньяхунун согуш кабинети кеңири масштабда кыргын жасоону көздөп жаткандай.

Түркия башта болгон түрдүү өлкөлөр чоң аракет кылса да тилекке каршы Израилге тоскоол боло турган теңдеме түзө алышкан жок. Дүйнөлүк  абийир аракетке өтүп,  дүйнөлүк масштабда митингдерди өткөрүшү Израилди токтото албай жатат. Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан айткандай, Израилди күч менен болсо да токтотуу керек. 



Тектеш кабарлар