Галата мунарасы

Буларды билесиздерби-3/22-23

1880861
Галата мунарасы

Галата мунарасы

Стамбулдагы Галата мунарасынын дүйнөдөгү эң байыркы мунаралардын бири экенин билесизби?

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген жана дүйнөнүн эң байыркы мунараларынын арасында орун алган Галата мунарасы, Стамбулдун символдорунун бири болуп эсептелет. Стамбулдун Европа тарабында, Бейоглу районунда, Босфор кысыгын караган абалда жайгашкан.

Галата мунарасы алгач 508-жылы Византия императору Юстиниан тарабынан курулган. Көптөгөн согуштарга күбө болгон жана зыян тарткан мунара 1349-жылы генуялыктар тарабынан кайрадан курулган. 1500-жылдардагы жер титирөөдөн бузулуп, кайра оңдолгон мунаранын үстүнкү кабатына Селим III доорунда терезе кошулган. 1831-жылы мунарада өрт чыгып, кийин оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Махмут II мезгилинде мунара дагы эки кабат көтөрүлүп, мунаранын үстү атактуу конус түрүндөгү чатыр менен жабылган. 1967-жылы оңдолгон мунара акыркы жолу 2020-жылы калыбына келтирилген.

Кылымдар бою Стамбулдун көркүн ачкан Галата мунарасы маяк катары курулганына карабастан тарых бою зындан, обсерватория, өрт мунарасы сыяктуу ар түрдүү максаттарда колдонулган. Жалпысынан 11 кабаттан турган мунаранын бийиктиги жерден чатырынын учуна чейин 69 метр, ал эми жеринин аянты 208 чарчы метрди түзөт. Жөнөкөй долбоор болгону менен абдан кереметтүү түзүлүш.

Стамбулда кыдырууга боло турчу жерлер дегенде эң биринчи ойго келген түзүлүштөрдүн бири болгон Галата мунарасы бүгүнкү күндө музей катары колдонулуп, жергиликтүү жана чет элдик туристтер көп барышат.



Тектеш кабарлар