Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Өзбекстанга иш сапары

Евразия күндеми-47

1857800
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Өзбекстанга иш сапары

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 14-15-июль күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барды. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду Ташкентте Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов алгач “Жаңы Өзбекстан” паркына барып, гүлчамбар койду.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Бердымухамедовду Куксарайда расмий азем менен тосуп алды. Расмий аземден кийин Өзбекстан менен Түркмөнстандын президенттери тет-а-тет форматында жолугушту. Андан кийин делегациялардын ортосунда жолугушуу болду. Жолугушуулардан кийин эки өлкөнүн ортосунда илим, өнөр жай, туризм, айыл чарба, транспорт жана экономика сыяктуу түрдүү тармактар боюнча 19 келишимге кол коюлду.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өз билдирүүсүндө, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн 2021-жылы 902 миллион доллар болгонун, 2022-жылы 1 миллиардга жетүүнү максат кылышканын жана эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн өсүшүнүн ушундай жогорку көрсөткүчкө биринчи жолу жеткенин белгиледи.

Иш сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов Ташкентте Өзбекстан Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Жолугушууда Бердымухамедов менен Нарбаева эки тараптуу мамилелерге тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашышты.

15-июлда эки өлкөнүн лидерлери Самаркандга барышты. Президенттер Самаркандды чогуу кыдырышты.

Бул жерде баса белгилей кетчү жагдай, Бердымухамедовдун иш сапарынын алкагында Өзбекстанда ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү. 13-июлда Ташкентте “Өзбекстан менен Түркмөнстан: кызматташтыктын жаңы тарыхый фазасындагы өнүгүү перспективалары” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Конференцияда эки өлкөнүн алакасына байланыштуу түрдүү маселелер талкууланды.

Ал эми 12-14-июль  күндөрү Бухара шаарында “Өзбек-түркмөн аймактык форуму” болуп өттү. Форумда эки өлкө ортосунда 451 миллион долларлык келишимдерге кол коюлганы маалым болду. Форумдун алкагында “Өзбек -түркмөн ишкерлер кеңешинин жыйыны” өттү.

Ташкентте эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө салым кошо турган маанилүү келишимдерге кол коюлду. Аймакта эле эмес, бүткүл дүйнөдө транс-чек ара сууларын пайдаланууга байланышкан көйгөйлөр бар. Өзбекстан менен Түркмөнстан Аму-Дарыянын суусун үнөмдүү пайдалануу боюнча макулдашышты. Аралдын соолуп, аймактын чөлдөшүүсү уланып жатканын эске алсак, эки өлкөнүн ортосундагы бул макулдашуу сууну пайдалануу боюнча жаралышы мүмкүн болгон талаш-тартыштарды жоюу жагынан чоң мааниге ээ.

Ташкентте чек ара аймагындагы сооданы өнүктүрүүнүн жол картасын белгилеген келишимге кол коюлду. Бул келишим аркылуу Түркмөнстан менен Өзбекстандын экономикалык потенциалы пайдаланылат. Мындан тышкары тараптар өз ара соода үйлөрүн ачууну пландап жатышат.

Транспорт - эки өлкө үчүн чоң потенциалга ээ тармактардын бири. Лидерлер бул жааттагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, кызматташууну эң жогорку деңгээлге чыгаруу боюнча макулдашышты.

Шавкат Мирзиёев түркмөн кесиптешин сентябрдын ортосунда Самаркандда өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине ардактуу конок катары катышууга чакырды. Мындай чакыруу эң жакын кызматташтыкка ээ өлкөлөр ортосунда жасалат. Жыйынтыктап айтканда, президент Сердар Бердымухамедов чет өлкөгө болгон биринчи мамлекеттик иш сапарын боордош Өзбекстанга жасады жана бул иш сапар абдан жемиштүү болду.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар