Анадолунун алгачкылары - 19. 2021

Дүйнөдөгү биринчи ооруканалардын бири, Асклепийдин ыйык жери.

1676704
Анадолунун алгачкылары  - 19. 2021

Пергамон королдугунун борбору Пергамон Рим империясынын чыгыш борбору болгон. Бул шаар - байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн цивилизациялардын мекени болуп келген. Көптөгөн нерселерди алгачкылардан болуп баштап, өз мезгилинин алдыңкы шаарларынын бири катары таанылган. Пергамент алгач Пергамондо ойлоп табылып, эки жүз миң томдук китепти камтыган Азиянын биринчи жана ири китепканасы ушул шаарда орун алган. Алгачкы жолу басым менен сууну чопо түтүктөргө айдап колдонулган  жер да, алгачкы жолу ар кандай сезимдерди камтыган эмоция айкелдерде чагылдырылган жер да мына ушул Пергамон шаары. ... Бул кереметтүү шаар архитектура, көркөм өнөр, шаар куруу жана саламаттыкты сактоо боюнча да бүгүнкү цивилизациянын баштоочусу. Бирок аны башка байыркы шаарлардан айырмалап турган нерсе - бул дүйнөдөгү эң биринчи ооруканалардын бири болгон Ыйык Асклепий майданынын ушул шаардан орун алышы.

Ден соолуктун кудайы Асклепий медицинада ушунчалык таланттуу болгондуктан, анын жардамы менен өлүмдүн саны азая баштаган. Мына ушул кудайдын атынан курулган храмдар жана дарылоо борборлору -  Асклепиондор деп аталган. Мындай дарылоо борборлору эллиндик доордон Рим империясы дооруна чейин колдонулуп келген жана алардын саны эки миңге жеткен. Жыландын  таякка оролгон сүрөтү медицинанын символу катары биринчи жолу ушул жерде колдонула баштаган.

Бул байыркы ооруканалар азыркы ооруканалардан айырмаланып турганына карабастан, ар кандай ооруларынан айыгуу максатында барган бейтаптар дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп дарыланып турушкан. Бул ооруканалардын биз билген ооруканалардан эмне айырмасы бар дешиңиз мүмкүн.

Көптөгөн оорулар дарыланганы менен, бардык эле адамдар Асклепионго кабыл алынган эмес. Айыккыс ооруга чалдыккан жана кош бойлуу аялдарга бул ооруканаларга кирүүгө тыю салынган. Бүгүнкү күндө Виран дарбазасы деп аталган кириш дарбазасында: "Өлүм бул жерге кире албайт" деген жазуу жазылган экен. Эшиктен кирген бейтаптар короого “Via Tecta” - башкача айтканда, узундугу бир чакырымдай болгон “Ыйык жол” аркылуу киришиптир. Бул короодо кечил-дарыгерлер клиникага кимдин кирип, кимдин кире албай тургандыгына чечим чыгарышкан.  Айыктырууга мүмкүн болбогон бейтаптар ушул жерден кайтып кетүүгө аргасыз болушкан. Башкалары болсо, ушул жерде  айыгып кетээрине ишенип, клиникага да ошондой жакшы маанайда киришчү. Батыш Анадолунун эң негизги саламаттык сактоо борбору катары таанылган Пергамон Асклепион - чындыгында идеологиялык дарылоо жүргүзүлгөн ыйык жерлерден болгон.

Бул ооруканага кабыл алынган бейтаптар алгач ыйык бассейндерде жуунуп, аларга берилген ак кийимдерди кийип, курмандык чалышкан. Шыпаалуу жана ыйык бассейндердин жанында эс алып уктоочу бөлмөлөр болгон. Асклепиондо түш аркылуу таасирдүү терапия да колдонулган. Уктоочу бөлмөлөргө алып барылган бейтаптар көргөн түштөрүн кечил-дарыгерлерге айтып беришкен. Түш кээде абдан ачык айкын болуп оңой жоромолдонсо, кээде ушунчалык татаал болгондуктан, кечил-дарыгерлердин чечмелөөсүн талап кылган. Кечил-дарыгерлер түштү чечмелешкенден кийин гана дарылоо иштерин башташкан. Анткени илгерки замандарда түштөр - өтмүштү эскертип, келечекти алдын ала көрсөтөт деген түшүнүктүн негизинде туура маалыматка жетүүнүн негизги элементи деп эсептелген..

Асклепион храмында баш оорудан сокурдукка, тукумсуздуктан истерияга, жаракаттан шалга чейинки көптөгөн оорулар дарыланган. Түрдүү ооруларды дарылоонун ар кандай ыкмалары болгон. Байыркы доордун белгилүү чечени балыкесирлик Аристид бейтаптарды айыктырууда колдонулган ыкмалар боюнча көптөгөн маалыматтарды айтып кеткен. Аристид өзү да Асклепионго көп жолу барып, дарыланып, ал жерде көргөн түштөрүн, дарылоо ыкмаларын жана дарылоо процесстерин «Hieroi Logoi/ Ыйык сөздөр» аттуу эмгегинде жазып калтырган. Китептеги маалыматтарга караганда, дарылоонун негизги элементи идеолгиялык дарылоо болуп, кечилдер жана дарыгерлер кудайдын атынан айткан сөздөрү менен айыгууга ишеним жаратышкан. Бейтаптын  айыгып кетишинде кечилдер менен  дарыгерлердин айткандарына бекем ишениши өтө маанилүү роль ойногон. Ачкачылык, суусатуучу процедуралар, баткак ванналары, арашан суулар жана өсүмдүк майлары менен массаж жасоо – булар да дарылоо ыкмаларынын катарына кирген. Жөнөкөй көнүгүүлөр, топурактын үстүндө жылаңайлак басуу жана ыйык жайдын айланасында чуркоо физикалык терапия программасынын ичинде орун алган ыкмалардан болгон. Ал эми колдонула турган ыкма бейтаптын оорусуна жана оорунун даражасына жараша белгиленген.

Асклепиондо күн терапиясы жана гидротерапия да колдонулган. Ыйык жана улуу деп эсептелгендиктен, суунун дарылануудагы орду өзгөчө болгон. Суунун айыктыруучу күчү психотерапияда колдонулган. Касиеттүү бассейндерге жуунуу жана ыйык булактан суу ичүү сөзсүз аткарыла турган зарыл процедура катары  дарылоонун бир бөлүгү болгон. Ошондой эле, храмдын жакын аймагында тери ооруларына жардам берүүчү арашан суу болгон. Мындай шыпаалуу суулары бар жерлер SPA деп аталган. SPA, бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келе жаткан латынча "Salus Per Aqua" сөз айкашынын кыскартылышы болуп "Суудан келген саламаттык" дегенди билдирет. 

Асклепиондо күн терапиясы дагы гидротерапиядай эле чоң мааниге ээ болгон. Себеби ал кезде күндүн адамдарга пайдалуу экени белгилүү эле. Албетте, күндүн кудайы Аполлон ден-соолук кудайы Асклепийдин атасы экендиги бул терапиянын маанисине да чоң таасирин тийгизгени анык... Бейтаптар күнгө кактануу менен күн кудайына да сыйынып, анын ыйык шыпаасын да алган.

Музыка, китеп окуу жана театр оюндары да дарылоонун бир бөлүгү болгон. Бейтаптардын маанайларын жогору кармоо үчүн жергиликтүү элдер чакырылып, фестивалдар уюштурулуп, поэзия жана музыка жарыштары өткөрүлчү.

Бергамадагы Асклепиондо жүргүзүлгөн казуу иштеринде оорусунан айыккан бейтаптардын аты-жөнү жана алардын билдирген ыраазычылыктары жазылган чопо таблеткалар табылган. Адистердин айтымында, чоподон жасалган бул таблеткалардын храмда адамдар көрө турган жерге илинип, храмдардын ишенимдүүлүгүн арттырып турушкан. Казуу учурунда ийне, бычак, шпатель, пинцет сыяктуу медициналык шаймандар дагы табылган.

Байыркы Бергама шаары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинин "Көп катмарлуу маданий ландшафт зонасы" категориясына киргизилген, анткени анда эллинизм, Рим жана Осмон дооруна таандык катмарлар бар. Ушул кереметтүү шаардын медициналык жана психотерапиялык дарылоо борбору катары таанылган Асклепион Храмы адамды негиз  кылып алган кызматтары менен  өзгөчөлөнүп, көңүлдү буруп турат. Үч миң беш жүз орундуу театры, китепканасы жана ыйык жайлары менен бир нече жылдан бери ар кайсыл жактан келген бейтаптарга кызмат көрсөтүп келет. Азыркы адамдар ден-соолугу үчүн ар кандай изденүүлөр менен изилдөөлөрдү жүргүзүп, ушундай дарылоолордун миңдеген жылдар мурун Пергамон Асклепионунда колдонулгандыгын дагы бир ирет аныкташты.  

Бүгүнкү программабызда дүйнөдөгү идеологиялык дарылоо ыкмасы колдонулган, алгачкы жана көп орундуу оорукана болгон, Анадолу аймагында жайгашкан Асклепион тууралуу сөз кылдык. Программаны даярдаган Неслихан Дергименжиоглу.



Тектеш кабарлар