Буларды билесиздерби?

«Кыз мунарасы»

1498580
Буларды билесиздерби?

             

Стамбул босфорундагы Кыз мунарасынын 2500 жылдык тарыхка ээ экенин билесиздерби?

Кыз мунарасы - Байыркы Грециядан Византия империясына чейин, Византиядан Осмон империясына чейинки бардык тарыхый мезгилдерде Стамбул шаарынын тарыхына күбө болгон имарат.

Кыз мунарасы жайгашкан аскалардан биринчи жолу биздин заманга чейинки 410 -  жылы сөз болот. Бул жылы босфорго кирип чыккан кемелерди көзөмөлдөө жана  салык алуу максатында афиналык бир командир бул кичинекей аралчага  мунара салдырат. Биздин замандын  1110 - жылына  келгенде мезгилдин  Рим императору бул жолу коргонуу максатында бир мунара курдурткан.

Убакыттын өтүшү менен талкаланган жана кайрадан оңдолгон Кыз мунарасы Стамбулдун багынтылышы учурунда венециялыктар тарабынан база катары колдонулат. Фатих Султан Мехмет багынткандан кийин бул кичинекей мунараны кулатып ордуна таштан, айланасы көзөмөлдөөчү жылчыктар менен курчалган кичинекей бир чеп курдуртат жана бул жерге замбиректерди жайгаштырат. Бүгүнкү мунаранын пайдубалдары жана астыңкы кабатынын негизги бөлүктөрү Фатих доорундагы курулуш. Кыз мунарасы Осмон империясы мезгилинде оңдолуп, кээ бир жерлери кайрадан курулуп жашатылат.

Республиканын курулушунан кийин азыркы күнгө чейин Кыз мунарасында бир топ жаңылоо иштери аткарылат. 2000 – жылы каалгаларын зыяратка ачкан Кыз мунарасы күндүз кафетерия жана ресторан, кечинде атайын ресторан катары жергиликтүү жана чет элдик конокторго кызмат кылууда.

 



Тектеш кабарлар