Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1173 - жылы 9 - августта дүйнөнүн белгилүү тарыхый курулуштарынан Пиза мунарасынын коңгуроо бөлүгүнүн курулушу башталды. 8 кабаттан турган 56 метрдик Пиза мунарасы 1190 - жылы курулуп бүттү.
*** 1915 - жылы 9 - август күнү капитан - полковник Мустафа Кемалдын командирлигиндеги осмондук бөлүктөрү Чанаккаледе 1 - Анфарталар жеңишине жетишти.
*** 1942 - жылы 9 - августта Индиядагы көтөрүлүштөрдө Махатра Ганди жана 50 индиялык лидер англис колония башкаруусу тарабынан камоого алынды.
*** 1945 - жылы 9 - августта АКШ экинчи атом бомбасын Жапониянын Нагасаки шаарына атты. Кол салууда 40 миң киши каза болду. Император Хирохито союздаштарына багынууга мажбур болду.
*** 1975 - жылы 9 - августта Кипр Тынчтык Кыймылынан кийин аралдын түштүгүндө жашаган 9 миң түрктүн түндүккө карай көчү башталды.
*** 1992 - жылы 9 - август күнү 25 - олимпиада оюндары Барселонада башталды.