Президент Атамбаев БУУнун өкүлүн кабыл алды

Александр Аванесовду “Даңк” медалы менен сыйлады

753488
Президент Атамбаев БУУнун өкүлүн кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө миссиясы аяктагандыгына байланыштуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен Бириккен улуттар уюмунун ортосундагы кызматташууну чыңдоого кошкон салымы үчүн “Даңк” медалы менен сыйлады. 

Мамлекет башчысы Александр Аванесовго Кыргызстандагы жемиштүү иши жана өлкөнүн Бириккен улуттар уюму менен кызматташууну чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү маанилүү реформаларды жана кайра түзүүлөрдү жүргүзгөн мезгилде көрсөткөн жардамын баса белгиледи. Жолугушууда Кыргызстандын түйүндүү тармактарындагы жүргүзүлүп жаткан реформалардын жүрүшү, өлкөнүн жарандык секторун мындан ары өнүктүрүү маселелерин жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррештин жакында Кыргызстанга жасаган сапарынын жыйынтыктары талкууланды. Кыргызстан БУУ рейтингинде позициясын жакшыртты.

Ал эми Александр Аванесов жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өз ишинде ар дайым өлкөнүн президентинин жеке колдоосун сезип тургандыгын баса белгиледи.

КТРК



Тектеш кабарлар