Машина-трактордук станциялар кантип түзүлөт?

Кыргызстанда машина-трактордук станциялар түзүлмөкчү.

449987
Машина-трактордук станциялар кантип түзүлөт?

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өкмөттүн 11-марттагы жыйынында билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча буйруктун долбоору талкууланды.

Бул маселе боюнча Айыл чарба жана мелорация министри Турдуназир Бекбоев маалымат берди. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 миңден ашык айыл чарба субьекттери бар. Аларды ирилештирүү жана айыл чарба кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн машина-трактордук станцияларды түзүү сунушталууда.

Аталган станцияларга лизингге техникаларды берүү, анын үстөк пайызын 9 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүү, атайын имараттар менен камсыз кылууга шарт түзүү каралган.
Премьер-министр Темир Сариев айыл чарба тармагында машина-трактордук станцияларды түзүү абдан керектүү чаралардын бири экенин билдирди. «Учурда жергиликтүү бийлик органдары муниципиалдык ишканаларды түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Алардын ичинде машина-трактордук станцияларды түзүү зарыл. Келечекте ирилештирилген, адистештирилген чоң мекемелерди түзүү менен дыйкандарга комплекстүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзүшүбүз керек. Мындай шарт түзүлсө алардын санын көбөйтүүгө өбөлгө болот.

Кызмат көрсөтүүнүн акысы рыноктук баадан арзан болушу керек. Мындай жол менен жарандарыбызга ыңгайлуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзүлөт», – деди Темир Сариев.
Жыйындын жүрүшүндө Машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча буйрук жактырылды.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар