"12 Punto 2024" финалисттери белгилүү болду

Быйыл 100дөн ашуун көркөм фильм долбоору катышкан иш-чара 7-14-июль күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.

2128960
"12 Punto 2024" финалисттери белгилүү болду

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (TRT) тарабынан быйыл 6-ирет уюштурулган Түркиянын эң чоң сценарий өнүктүрүү жана биргелешкен чыгарылыш платформасы «12 Punto 2024» көркөм фильм категориясында финалга чыккан 12 долбоор жарыялады.

Быйыл 100дөн ашуун көркөм фильм долбоору катышкан иш-чара 7-14-июль күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.

Финалдык тасмалар, режиссёрлор Махмут Фазыл Жошкун менен Мурат Пай, актриса Вилдан Атасевер, социолог-жазуучу Фатма Барбаросоглу жана кино сынчысы Суат Көчерди камтыган алдын ала калыстар тобу тарабынан аныкталды.

Көркөм тасма номинациясында эл аралык калыстар тобу тарабынан тандала турган 3 долбоорго «ТРТнын биргелешкен чыгарылыш сыйлыгы», 3 долбоорго «ТРТнын артыкчылык сыйлыгы» жана 6 долбоорго болсо «ТРТ долбоор өнүктүрүү»  сыйлыгы ыйгарылат.

Сыйлык тапшыруу аземинде «TRT биргелешкен чыгарылыш» сыйлыгын алган долбоорлор да жарыяланат.

Көркөм тасма категориясында Ахмет Юрткулдун «Уйкусуз», Алкым Өзмендин «Бактылуу үй-бүлөм», Эла Алямач менен Арен Пердечинин «Салам», Бекир Бүлбүлдүн «Майрам рециталы», Тунахан Курттун «Чымындардын мыйзамы», Тайфур Айдындын «Кирпилердин согушу», Мехмет Бахадыр Эрдин «Чаң ата ложасы», Мурат Эроглунун «Жердин тузу», Эмин Фырат Өвүрдүн «Ит», Фатих Өзжандын «Чанжырак», Хасан Туна Балкандын «Суу ташкыны» жана Хакан Йонаттын «Сокур» аттуу долбоору финалга өттү.

Финалга чыккан кинотасмалар "www.trt12punto.com" сайтында жарыяланды.



Тектеш кабарлар