ТРТ испан тилиндеги берүүсүн баштады

Түркиянын үнүн дүйнөгө угузуу аракетин уланткан ТРТ бүгүн Стамбулда «ТРТ-Испанча сүйлөгөн өлкөлөрдүн 1-берүү саммитин» уюштурууда.

2131863
ТРТ испан тилиндеги берүүсүн баштады

ТРТ испан тилинде берүүсүн баштады.

Түркия радио жана телеберүү мекемесинин (TRT) билдирүүсүнө караганда, глобалдык медиа ишмердүүлүгү менен ийгилик жараткан мекеме эл аралык санариптик кабар платформаларына жаңысын кошууда.

Түркиянын үнүн дүйнөгө угузуу аракетин уланткан ТРТ бүгүн Стамбулда «ТРТ-Испанча сүйлөгөн өлкөлөрдүн 1-берүү саммитин» уюштурууда.

Саммиттин алкагында эртең ТРТнын испан тилиндеги санариптик кабар платформасы (ТРТ-Испанча) да таанытылат.

Саммитке Испания, Мексика, Колумбия, Аргентина, Перу, Венесуэла, Гватемала, Эквадор жана Боливия сыяктуу испан тилдүү 18 өлкөдөн 17 башкы директор, 21 журналист, 16 жетекчи жана Түркияда билим алып жаткан 40 латын америкалык жана испаниялык студенттер катышат.

Саммитте журналисттер үчүн «Эл аралык журналистика» деген темада семинар да өткөрүлөт.

Таанытуудан кийин ар кандай панелдик дискуссиялар өтөт.



Тектеш кабарлар