Собажы ТРТнын испан тилиндеги санариптик кабар платформасынын ачылышында сөз сүйлөдү

ТРТ Испанча санариптик кабар платформасы ишке кирди.

2132581
Собажы ТРТнын испан тилиндеги санариптик кабар платформасынын ачылышында сөз сүйлөдү
trt ispanyolca.jpg
zahid sobaci trt ispanyolca.jpg

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) чет тилдердеги берүүлөрүн көбөйтүү жана эл аралык таасир жаратуу максаттарынын алкагында түзүлгөн жаңы санариптик кабар платформасы TRT Испанча өз ишин баштады.

Эл аралык телерадио мекемелери аркылуу Түркиянын үнүн дүйнөгө уктурууну максат кылган ТРТ мекемеси, TRT World, TRT Арабча, TRT Орусча, TRT Немисче, TRT Французча, TRT Балкан жана TRT Африкадан кийин ТРТ Испанча санариптик кабар платформасын ишке киргизди.

ТРТнын Башкы директору Мехмет Захид Собажынын кожоюндугунда өткөрүлгөн «ТРТ испан тилдүү өлкөлөрдүн 1-берүү саммитинин» экинчи күнүндө ТРТнын испан тилиндеги санариптик кабар платформасы таанытылды.

ТРТнын башкы директору Собажы ачылышта сүйлөгөн сөзүндө, ТРТ катары 17 телекөрсөтүү жана 17 радио каналы, чет тилдердеги санариптик кабар платформалары, эл аралык санариптик платформасы «Табии» (Албетте), 4 журналы, 41 тил жана диалектидеги интернет жана радио уктуруулары менен дүйнөнүн жети континентине жеткен медиа жана чыгарылыш иштерин жүргүзүшкөндөрүн түшүндүрдү.

Израилдин Газа тилкесине кол салуулары башталган 7-октябрдан бери дүйнөнүн абдан азаптуу гуманитардык сыноодон өтпөй калганына күбө болгондорун айткан Собажы, сөз бүтпөгөн жердин медиа болушу керектигин баса белгиледи.

Собажы: «Бирок Батыш медиасы бул кыргындарга карата мамилеси менен сөз бүткөн жер болду. Дүйнөнүн алдыңкы делген медиа мекемелери окуяларды жашырууга аракет кылып жатканда, ТРТ катары 41 тилде жана диалектидеги берүүлөрүбүз менен Газа, Жебалия, Хан Юнус жана Рефахта болуп жаткан окуяларды улуттук жана эл аралык коомчулукка жарыялап жатабыз. Биз ачкан байланыш коридорун көбүрөөк тилдерге жана кеңири аймактарга кеңейтүүгө аракет кылуудабыз. Үнүбүз жетпеген эч бир жерди калтырбоо жана маалымат каражаттарынын адеп-ахлактуулугун коргоо үчүн эл аралык телерадиоберүү үй-бүлөбүздү кеңейтүүнү улантып жатабыз»,-деди.

Программада Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, ТРТнын башкы директору Собажы жана испан тилдүү 18 өлкөнүн медиа мекемелеринин башкы жетекчилери ТРТнын испан тилиндеги санариптик платформасынын ачылышын жасап, платформанын алгачкы жаңылыктарын бөлүшүштү.



Тектеш кабарлар