ТРТнын 46-Эл аралык 23-апрель балдар фестивалы быйыл Анкарада болот

ТРТнын билдирүүсүнө караганда биринчи жолу 1979-жылы өткөрүлгөн фестиваль Анкарадан бүт дүйнөгө тынчтык кабарын берет.

2128556
ТРТнын 46-Эл аралык 23-апрель балдар фестивалы быйыл Анкарада болот

Дүйнөнүн биринчи эл аралык балдар фестивалы болгон ТРТнын 46-Эл аралык 23-апрель балдар фестивалы борбор калаада 29 өлкөдөн 500 баланы жолугуштурат.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда биринчи жолу 1979-жылы өткөрүлгөн фестиваль Анкарадан бүт дүйнөгө тынчтык кабарын берет.

«Дүйнө балдары тынчтык үчүн кол кармашып» негизги темасы болгон фестивалдын быйылкы ардактуу коногу Палестина болуп аныкталды.

Иш-чаранын алкагында дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген балдар алгач Анкарадагы Этлик оорукана шаарчасында дарыланып жаткан теңтуштарына барып ал-жайын сурашат.

Балдар андан кийин Аныткабирге жана иш-чаранын кожоюну ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажыга барат.

Фестивалга дүйнөнүн төрт бурчунан келген балдар 21-апрелде саат 13.30да Анкара улуттук сейил багында боло турган фестиваль сейилдигине катышат.

Улуттук сейил багында орнотулган сахнада тандалган өлкөлөрдүн кичи бий шоулары коюлат.

Бий көрсөтүүлөрүнөн кийин "ТРТ Баланын" (TRT Çocuk) популярдуу чыгармасы "Рафадан Тайфа" мюзикли коюлат.

Элге ачык боло турган иш-чарада ар кандай шоулар жана иш-чаралар сунушталат.

22-апрелде Түркия Улуу Улуттук Жыйынына бара турган балдарды парламенттин төрагасы Нуман Куртулмуш тосуп алат.

Дүйнө балдарынын тынчтыкка чакырууларына көңүл бурулат.

23-апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамында ТРТнын 46-Эл аралык 23-апрель балдар фестивалынын Гала программасы президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусу жана эгедерлиги менен Президенттик комплексте өткөрүлөт.

Түркиянын атынан Маданият жана туризм министрлигинин «Заманбап элдик бий» ансамбли катышкан гала шоу "TRT Çocuk" жана "TRT 1" каналдарында саат 15.30-20.00дө түз эфирде көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар