Эда Эрдем АКШнын «Эл аралык эр жүрөк аялдар» сыйлыгына талапкер көрсөтүлдү

Эда Эрдем Дүндар абдан маанилүү сыйлыкка көрсөтүлгөнү үчүн сыймыктанганын айтты.

2120440
Эда Эрдем АКШнын «Эл аралык эр жүрөк аялдар» сыйлыгына талапкер көрсөтүлдү

А Улуттук аялдар волейбол командасы менен бирге Фенербахче Опеттин капитаны Эда Эрдем Дүндар Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти тарабынан берилген «Эл аралык эр жүрөк аялдар» сыйлыгына талапкер көрсөтүлдү.

АКШнын Стамбулдагы башкы консулу Жули А.Эаденин жетекчилигинде АКШнын Стамбулдагы башкы консулдугунун конок үйүндө уюштурулган кабыл алууда, Эда Эрдем Дүндарга сыйлыкка көрсөтүлгөнү үчүн грамота тапшырган АКШнын Түркиядагы элчиси Жеффри Л. Флейк аялдардын күчтөндүрүлүшү темасында Эда Эрдем Дүндардын абдан маанилүү фигура экенин айтты.

Жетишкендиктерин жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү ишин көргөндөн кийин Эда Эрдем Дүндардын бул сыйлыкка татыктуу деп ойлогондугун айткан Жеффри Л. Флейк: «Ошондой эле ал дүйнөнүн эң мыкты волейбол командасынын капитаны. Мындай кызматта болуу оңой эмес. Капитан Эда Эрдем жаш кыздарга убакыт бөлүп, аларга бардык нерсеге жетише аларын көрсөтүүдө. Ал биз үчүн татыктуу талапкер болуп саналат»,-деди.

АКШнын Стамбулдагы башкы консулу Жули А.Эаде болсо: «АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын «Эл аралык эр жүрөк аялдар» аттуу сыйлыкты берет. Бул сыйлыкка аялдардын күчтөндүрүлүшү, адам укуктары жана ар түрдүү дисциплиналарда ийгиликке жетишкен аялдар көрсөтүлөт. Ошондуктан бул сыйлыкка капитан Эда Эрдемди көрсөттүк»,-деди.

Эда Эрдем Дүндар да абдан маанилүү сыйлыкка көрсөтүлгөнү үчүн сыймыктанганын айтты.



Тектеш кабарлар