Сочиде АТОМЭКСПО-2024 форуму башталды

Форумда атомдук тармактын учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.

2120060
Сочиде АТОМЭКСПО-2024 форуму башталды

Орусиянын Сочи шаарында Орусиянын «Росатом» мамлекеттик атомдук энергетика корпорациясынын колдоосу менен уюштурулган Эл аралык АТОМЭКСПО-2024 форуму башталды.

Иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө «Росатомдун» башкы директору Алексей Лихачев форумдун темасы «Таза энергия: келечекти бирге түзүү» деп билдирди.

Лихачев:«Биздин планетанын таза энергетикалык келечегин бардык өлкөлөр менен бирге гана кура алабыз», - деди.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) президенти Рафаэль Мариано Гросси да иш-чарага видеоконференция аркылуу катышып, инновациялык энергетикалык чечимдерди издөө жана өзөктүк энергетиканын келечегин талкуулоо контекстинде форумдун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Дүйнөлүк атомдук өнөр жайынын маанилүү иш-чараларынын бири болгон жана быйыл 13-ирет өткөрүлгөн форумга 75 өлкөдөн 4500 өкүл катышууда.

Форумда атомдук тармактын учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.

Эки күнгө созула турган форумда энергетика, өнөр жай, экология, логистика, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо, илим жана билим берүү тармагындагы атомдун ролу талкууланат.

Форум ошондой эле дүйнөлүк ядролук өнөр жайдын жана субиндустриянын алдыңкы компаниялары өз технологияларын жана компетенцияларын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган жарманкени камтыйт.



Тектеш кабарлар