Иранда түрк аңгемелери фарс тилине которулду

Белгилүү түрк жазуучуларынын 31 аңгемесин камтыган «Заманбап түрк аңгемелери тандоосу» китеби таанытылды.

1753529
Иранда түрк аңгемелери фарс тилине которулду

Ирандын борбор шаары Тегерандагы Юнус Эмре институтунда түрк тилинен сабак алган 16 стажер 27 түрк жазуучунун 31 аңгемесин фарс тилине которушту.

Белгилүү түрк жазуучуларынын 31 аңгемесин камтыган «Заманбап түрк аңгемелери тандоосу» китеби Тегеран Улуттук китепканасындагы поэзия жана адабият үйүндө өткөрүлгөн аземде таанытылды.

Тегеран Юнус Эмре институтунда түрк тилин үйрөнгөн ирандык 16 студенттин перс тилине которгон аңгемелеринен турган китеп Тегерандагы Сетак басмаканасынан жарык көрдү.

Тегеран Юнус Эмре институтунун директору Абдуллах Йегин жана басмакана кызматкерлери, уюштурулган программада аңгемелерди которгон студенттерге белектерди тапшырышты.



Тектеш кабарлар