Алтун: «Даректүү тасма менен Арслантепе дөбөсүн бүткүл дүйнөгө таанытабыз»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарыхта биринчи мамлекеттик форма пайда болгон 7 миң жылдык Малатиянын Арслантепе дөңсөөсү тууралуу даректүү тасма даярдады.

1753772
Алтун: «Даректүү тасма менен Арслантепе дөбөсүн бүткүл дүйнөгө таанытабыз»

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюму (ЮНЕСКО) тарабынан «Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине» кирген «Арслантепе дөбөсү» быйыл дүйнөгө таанытылат.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарыхта биринчи мамлекеттик форма пайда болгон 7 миң жылдык Малатиянын Арслантепе дөңсөөсү тууралуу даректүү тасма даярдады.

Башкармалыктын билдирүүсүнө караганда Түркиянын маданий байлыгына көңүл буруу максатында түрк жана англис тилдеринде даярдалган даректүү тасма Анадолу цивилизациясынын тарыхында жазылган маанилүү бир баалуулук жарыкка чыгарылышы жана анын ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине камтылышына чейинки процессти камтыйт.

Тарыхы б.з.ч. 5 миңге барабар болгон Малатиянын Арслантепе дөбөсүндө жүргүзүлгөн казууларда табылган маанилүү экспонаттар тууралуу маалымат камтылган даректүү тасмада аристократиянын пайда болушунун 7000 жылдык тарыхы жана алгачкы мамлекеттик формасы пайда болгон тарыхый мурастар майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүлөт.

Сөз болуп жаткан эмгек ТРТнын (Түркия радио- телеберүү мекемеси) Даректүү тасма каналы жана Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсеби аркылуу коомчулукка сунушталат.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун изилдөө тууралуу билдирүүсүндө, Анадолунун байыркы тарыхы жана тажрыйбасы менен «адамзаттын байыркы мурасы» наамына татыктуу экенин баса белгиледи.

Алтун: «Даректүү тасмабыз менен Арслантепе дөбөсүн бүткүл дүйнөгө таанытууну, таанылышын жана маалымдуулугун арттырууну, Түркиянын маданий туризмине салым кошууну максат кылуудабыз»,-деди.

Ошондой эле Алтун, Коммуникация башкармалыгы катары «Адамзаттын байыркы аймагы-Анадолу» темасы алкагындагы документалдык иштери менен Анадолунун маданий, социалдык жана тарыхый мурасын жана цивилизациялык баалуулуктарын улуттук жана эл аралык аренада эффективдүү таанытууну максат кылгандарын белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар