Халук Левент менен Орусиянын "Кызыл Армия" хору Бурсада

Концерт, Кызыл Армиянын аскерлери көтөргөн түрк жана орус желектеринин сахнага жайгаштырылышы менен башталды.

1718275
Халук Левент менен Орусиянын "Кызыл Армия" хору Бурсада

Өнөрпоз Халук Левент менен Орусиянын "Кызыл Армия" хору Бурсада концерт беришти.

Бурса шаардык муниципалитетинин колдоосу менен уюштурулган жана гастролдун акыркы аялдамасы болгон концерт, Кызыл Армиянын аскерлери көтөргөн түрк жана орус желектеринин сахнага жайгаштырылышы менен башталды.

Кызыл Армиянын аскерлери аткарган гимндерден кийин сахнага чыккан өнөрпоз Халук Левент Чанаккале элдик ыры, Харбие жана Измир гимндери менен катар Республика гимндерин ырдап хорду коштоду.

Концерттин репертуарына Орусиянын гимндери да кирди. Искусство сүйүүчүлөрү айрым гимндерди коштогон концерт чоң кызыгуу жаратты.



Тектеш кабарлар