Анкарада тушоо той өттү

Түркиянын борбору Анкарада иштеп, окуп, үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болгон кыргыздар Жеңиш паркына чогулушуп тушоо той өткөрүштү.

1717428
Анкарада тушоо той өттү
İLK ADIM GÜNÜ 2.jpg
İLK ADIM GÜNÜ 26.jpg
İLK ADIM GÜNÜ 24.jpg

Ата-бабалардан келе жаткан салт болгон тушоо тойду унутушпай, салтты улаган кыргыздар кайда жүрсө дагы балага той өткөрүүнү эп көрүшөт.

Түркиянын борбору Анкарада иштеп, окуп, үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болгон кыргыздар Жеңиш паркына чогулушуп тушоо той өткөрүштү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Элчилик кызматкерлери менен катар Анкарадагы жалпы кыргыздар катышышты.

Салтка ылайык тушоосу кесиле турган он бала үчүн жарыш уюштурулуп, алдыда келип тушоону кескендерге сыйлыктар берилди.

Дастаркон жайылып жалпы эл отуруп кыргыздын тамактарын жеп, балдарга каалоо-тилектер айтылып, ыр-күүлөр чертилип жакшы маанай тартууланды.

Кыргыздын салтына кызыккан түрк туугандар кызыгып карап жатышты...



Тектеш кабарлар