Сауд Арамко компаниясы Кытайда ишкана курат

Сауд Арамкодон берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Кытайдын Норинко жана Панжин фирмалары менен биргелешкен ишкана куруу демилгеси башталды.

1965382
Сауд Арамко компаниясы Кытайда ишкана курат

Сауд Арабиянын улуттук мунай компаниясы Сауд Арамко Кытайда мунай иштетүүчү завод жана мунай-химиялык завод куруп иштете баштаарын жарыялады.

Сауд Арамкодон берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Кытайдын Норинко жана Панжин фирмалары менен биргелешкен ишкана куруу демилгеси башталды.

Сауд Арамко биргелешкен ишкананын 30 пайызына, Норинко 51 пайызына жана Панжин 19 пайызына ээлик кылат.

Компаниялардын биргелешкен ишканасы менен суткалык өндүрүштүк кубаттуулугу 300 миң баррель болгон мунайды кайра иштетүүчү завод, ошондой эле жылдык кубаттуулугу 1 миллион 650 миң тонна этилен жана 2 миллион тонна параксилол чыгарган мунай-химиялык комбинат курулат.

Долбоордун керектүү макулдуктарды алынгандан кийин курулушту ушул жылдын апрелинен кийин баштоо пландалууда, мунайды кайра иштетүүчү жана мунай- химиялык объектилердин 2026-жылы ишке кириши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар