Түркия айыл чарба кирешеси боюнча Европада биринчи орунда

Министр Юмаклы Анкара университетинин айыл чарба факультетинде Эл аралык айыл чарба технологиялары фестивалынын ачылышында сөз сүйлөдү.

2138805
Түркия айыл чарба кирешеси боюнча Европада биринчи орунда

Түркия айыл чарба кирешеси боюнча Европада биринчи орунда...

Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклы Түркиянын жылдык 69,2 миллиард долларлык айыл чарба кирешеси менен Европада биринчи, дүйнөдө болсо эң алдыңкы 10 өлкөнүн арасында экенин билдирди.

Министр Юмаклы Анкара университетинин айыл чарба факультетинде Эл аралык айыл чарба технологиялары фестивалынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Ибрахим Юмаклы: «Жылдык 69,2 миллиард долларлык айыл чарба кирешеси менен Европада биринчибиз жана дүйнөнүн эң алдыңкы 10 өлкөсүнүн арасындабыз»,-деди.  

Жергиликтүү үрөнчүлүк темасында жетишилген баскычка да токтолгон Юмаклы, үрөн долбоорунун алкагында 37 жергиликтүү сорттун сертификат алганын айтты.

Айыл чарба жана токой чарба министри: «Айыл чарба өндүрүшүнүн кепилдиги болгон 318 миң генетикалык үрөндү ген банкыбызда сактоодобуз»,-деди.



Тектеш кабарлар