Түрк чайынын экспорту

Шабан Тургут, жылдын биринчи 4 айында Түркиядан 102 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга чай сатылганын айтты.

2138815
Түрк чайынын экспорту

Түркиянын 2024-жылдын январь-апрель айларында чай экспортунун кирешеси 10 миллион 461 миң 225 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин Башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары жана Чай сектору комитетинин төрагасы Шабан Тургут, жылдын биринчи 4 айында Түркиядан 102 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга чай сатылганын айтты.

Аталган мезгилде 2 миң 219 тонналык чай экспорттолуп андан 10 миллион 461 миң 225 долларлык киреше түшкөнүн маалымдаган Тургут, эң көп чай сатылган 3 өлкөнүн Бельгия, Улуу Британия жана АКШ экенин билдирди.



Тектеш кабарлар