Түркиянын зайтун майы экспорту 50 пайызга өстү

Зайтун майы эң көп экспорттолгон өлкө 75 миллион доллар менен АКШ  болду.

1911357
Түркиянын зайтун майы экспорту 50 пайызга өстү

Түркиянын 2021 - 2022 - сезондогу зайтун майы экспортунун көлөмү мурунку мезгилге салыштырмалуу 50 пайызга өсүп 201 миллион 687 миң долларга жетти.

Эгей экспортчулар бирикмелеринин маалыматына караганда Түркия 31 - октябрда аяктаган 2021 - 2022 зайтун майын экспорттоо сезонунда 120дан ашуун өлкө менен соодасын улантты.

Зайтун майынын экспорту мурунку сезонго караганда сумма боюнча 32 пайыздык өсүү менен 44 миң тоннадан 58 миң тоннага, нарк негизинде 50 пайызга өсүп 134 миллион 877 миң доллардан 201 миллион 687 миң долларга чыкты.

Зайтун майы эң көп экспорттолгон өлкө 75 миллион доллар менен АКШ  болду.

АКШдан кийин 24 миллион доллар менен Испания, 17 миллион доллар менен Япония, 10 миллион доллар менен Сауд Арабиясы жана 5 миллион доллар менен Бириккен Араб Эмираттары келди.

Сектордун өкүлдөрү : "Дүйнөлүк зайтун майы базарындагы абалдар Түркиянын пайдасына.Дүйнөдө зайтундун түшүмдүүлүгү төмөндөп, Түркияда өсүү болду. Бул экспортто чоң мүмкүнчүлүк катары алдыбызга чыгат",- деп билдиришти. 

 



Тектеш кабарлар