Парижде бир имаратта өрт чыкты
Өрттөн 3 кишинин каза болгондугу билдирилди.
2133896
Франциянын борбор шаары Парижде бир имаратта чыккан өрттөн 3 киши каза болду.
Le Figaro гезитинин полиция булактарына таянып жазган кабарында Париждин 2-округунда Италия бульварына жакын жердеги имаратта түн жарымында өрт чыккан.
Өрт өчүрүүчүлөр кийлигишип, имараттын 6-7-кабаттарын каптаган өрттү өчүрүштү.
Өрт өчүрүү тобу өрт чыккан батирде 3 кишинин жансыз денесинин табылгандыгы, окуяда бир кишинин жаракат алгандыгы маалымдалды.
Өрткө имараттын 7 - кабатындагы бир батирде чыккан газдын себеп болгондугу билдирилди.