Россия : "Акыркы бир жумада 14 отурукташуу жерин колго алдык"

Россиянын Коргоо министрлиги өткөн аптада Харьков, Донецк жана Запорожье аймактарында 14 отурукташуу жеринин орус армиясы тарабынан басып алынганын билдирди.

2140996
Россия : "Акыркы бир жумада 14 отурукташуу жерин колго алдык"

Россиянын Коргоо министрлиги өткөн аптада Харьков, Донецк жана Запорожье аймактарында 14 отурукташуу жеринин орус армиясы тарабынан басып алынганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө орус армиясынын 11-17-май аралыгындагы Россия  - Украина согушундагы иш-аракеттери тууралуу маалымат орун алды.

Билдирүүдө орус аскердик күчтөрүнүн кагылышууларды улантканы жана Украинада акыркы бир жумада 14 отурукташуу жерин басып алганы белгиленди.

Билдирүүдө Украинада акыркы бир жумада аскердик элементтерге карата жогорку тактыктагы куралдар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен 28 кол салуунун болгону,  бул кол салуулардын командалык борборлор, аскердик аэропорт элементтери, абадан коргонуу унаалары, ок-дары кампалары, күйүүчү май кампалары, пилотсуз учактарды жана кайыктарды өндүрүү жана сактоочу жайларга жана чет элдик жалданма аскерлерди убактылуу жайгаштыруу борборлоруна сокку урулганы айтылды.

Билдирүүдө, акыркы бир жумада Украинага таандык 4 «Ми-24» тик учагы, 1 «Су-27» жана 6 «Миг-29» үлгүсүндөгү согуштук учак жана сакталган 40 капитансыз катердин жок кылынганы белгиленип : "Акыркы суткада Крымдын жана Краснодар чөлкөмүнүн үстүндө 123 учкучсуз учуучу аппарат,  Кара деңиз сууларында да 25 капитансыз кайыктын жок кылынгандыгы белгиленди. 

Билдирүүдө акыркы бир жумада 63 украин аскеринин багынып бергени белгиленген билдирүүдө : «Аскердик операциянын башталышынан бери Украина армиясына таандык 601 учак, 274 тик учак, 24 миң 234 учкучсуз учуучу аппарат,  522 абадан коргонуу ракеталык комплекси, 16 миң 58 танк жана бронетехника, 1303 көп стволдуу ракета аткычтар, 9 миң 635 гаубица жана минометтор менен  21 миң 763 атайын аскердик унаа жок кылынды",- деп айтылды. 

 

 



Тектеш кабарлар