Украина : "Россия жерибизге кол салды"

Командирликтен берилген маалыматта Россиянын түн ичинде Украинага учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу болгондугу белгиленди.

2140976
Украина : "Россия жерибизге кол салды"

Украинанын  Аба күчтөрү командирлиги Россиянын   "Шахед" үлгүсүндөгү 20 учкучсуз учуучу аппараты менен  жерлерине чабуул жасаганын билдирди.

Командирликтен берилген маалыматта Россиянын түн ичинде Украинага учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу болгондугу белгиленди.

Орус армиясынын кол салууларда "Шахед"  үлгүсүндөгү 20 учкучсуз учуучу аппараттарды колдонгондугу белгиленген билдирүүдө учкучсуз учуучу аппараттардын Россиянын Приморск  -  Ахтарск жана Курск аймактарынан учурулгандыгы билдирилди. 

Билдирүүдө Украина аба күчтөрүнүн операцияларынын натыйжасында бардык учкучсуз учуучу аппараттарынын  Харьков, Полтав, Винница, Одесса жана Николаев облустарында бардык учкучсуз учактар ​​атып түшүрүлгөнү маалымдалган.

Украинанын Башкы штабынын төрагасы Александр Сирский да социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө фронттогу абалга баа берди.

Украинанын чыгышында абалдын оорлошуусу менен бир нече күндөн бери  Харьков облусунда «согуш операцияларын» жүргүзүп жаткан бөлүктөр менен кызматташып жатканын белгилеген Сирский, орус армиясынын активдүү согушуу аймагын болжол менен 70 километрге кеңейткендигин, уушндайча өлкөсүн   запастагы аскерлерди колдонууга мажбурлагандыгын айтты. 

Сирский орус армиясынын негизги күч-аракетин Стрилеча-Липцы багыттарына жана Вовчанскти басып алууга топтогондугун, Билий Колодяз айылына барып, украин аскерлерине тылдан чабуул коюну каалашкандарын айтты. 

Орус армиясынын бул максатта түндүктөгү аскерлерин олуттуу түрдө күчтөндүргөнүнө көңүл бурган Сирский : «Аскерлерибиздин кайра жайгаштырылгандыгын байкаган душман пландалгандан  эрте чабуулга өттү, бирок коргонуубузду жарып өтө алган жок. Келечекте катуу кагылышуулар болорун жана ага душман даярданып жатканын билебиз",- деди. 

Сирский мындай шартта алар өз позицияларын коргоп, орус армиясынын алдыга жылышына жол бербөө керектигин баса белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар