Мексикада автобус кырсыкка учурап 18 киши каза болду
Сан - Луис - де - ла - Пас шаарынан жолго чыккан автобус Мексика штатындагы Капулин - Чалма трассасында оодарылган.
2133649
Мексиканын түштүгүндө автобус кырсыкка учурап ичиндеги 18 киши каза болуп, 32 киши жаракат алды.
Сан - Луис - де - ла - Пас шаарынан жолго чыккан автобус Мексика штатындагы Капулин - Чалма трассасында оодарылган.
Кырсыктан 18 адам окуя болгон жерде каза болуп, 32 адам жаракат алган. Талкаланган автобустан чыга албай калгандарды куткаруу үчүн кырсык болгон жерге көп сандаган өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлдү.
Жаралуулар аймактагы ооруканаларга жаткырылды.
Көргөн күбөлөрдүн билдиргенине караганда кырсык автобустун тормозунун иштебей калышынан улам болгон.