Колумбияда аскердик тик учак кулап 9 адам каза болду

Окуя боюнча иликтөө иштеринин башталганы кабарланды.

2133583
Колумбияда аскердик тик учак кулап 9 адам каза болду

Колумбияда тик учактын кулашынан ичиндеги 9 аскер каза болду.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Боливар административдик аймагындагы Гуараперия айылынын элет жеринде кулап түшкөн МИ-17 HK3395 аскердик тик учагындагы 1 генерал жана 8 аскер каза тапты.

Президент Густаво Петро социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, каза болгон аскерлер үчүн терең кайгырганын айтты.

Аскердик тик учактын «Клан дел Гольфо» аттуу баңги жана жарым аскерлештирилген уюмга каршы операцияда кызмат кылганы маалымдалды.

Окуя боюнча иликтөө иштеринин башталганы кабарланды.



Тектеш кабарлар