Камакка алынган палестиналыктардын саны
7-октябрдан бери камакка алынган палестиналыктардын санынын 8515ке жеткени маалымдалды.
2133897
Израиль полициясы тарабынан оккупациядагы Батыш Шериада 7-октябрдан бери камакка алынган палестиналыктардын саны 8515ке жетти.
Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу Палестин туткун иштери делегациясы менен Палестиналык туткундар коомунун биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Израиль баскынчы күчтөрү, дүйшөмбүдөн шейшембиге чейин Батыш Шериада дагы кеминде 10 палестиналыкты камакка алды» деп кабарланды.
Билдирүүдө көбү Тулкерим, Бетлехем, Жерихо жана Рамалла шаарларында камакка алынгандар менен бирге 7-октябрдан бери камакка алынган палестиналыктардын санынын 8515ке жеткени маалымдалды.
Бул статистикага 7-октябрдан бери камакта отургандар жана кийинчерээк бошотулгандар кирет.