Энтони Блинкен билдирүү жасады

Энтони Блинкен Газада 7-октябрдан бери уланып жаткан согушту токтотуу жана Палестина мамлекетин куруу үчүн жол картасынын түзүлүүсү керектигин билдирди.

2133607
Энтони Блинкен билдирүү жасады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен: «Жарандардын зыян тартпасын камсыз кылуу планы болмоюнча Рефахтагы чоң аскердик «операцияга» колдоо көрсөтүүбүз мүмкүн эмес»,- деди.

Энтони Блинкен Газада 7-октябрдан бери уланып жаткан согушту токтотуу жана Палестина мамлекетин куруу үчүн жол картасынын түзүлүүсү керектигин билдирди.

Жакынкы Чыгышта 1948-жылдан бери эң оор кризисти өткөрүп жатышканын белгилеген Блинкен, АКШнын аймактык жана эл аралык өнөктөштөрү менен бирге Газадагы кагылышууларды соңуна чыгаруу жана кеңири аймакка жайылышын алдын алуу үчүн аракет кылып жатканын айтты.

Израилдин Рефахка кургактыктан кол салуусунда көөшөргөнү тууралуу Блинкен: «Жарандардын зыян тартпасын камсыз кылуу планы болмоюнча Рефахтагы чоң аскердик «операцияга» колдоо көрсөтүүбүз мүмкүн эмес»,-деди.  

Блинкен ошондой эле Израилдин дагы деле Рефахтагы жарандардын зыян тартпасын кепилдеген планын сунуштабаганын баса белгиледи.

Блинкен, АКШдагы университеттерде уюштурулган Газа менен тилектештик демонстрацияларына байланыштуу: «Бул демонстрациялар жарандарыбыздын Газадагы карапайым калктын, аялдардын жана балдардын азап чегип жатканына болгон сезимдерин чагылдырууда жана муну түшүнөм»,-деди.



Тектеш кабарлар