Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFA маалымат берди.

2133218
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израиль армиясынын Газа тилкесине чабуулунан дагы кеминде 22 палестиналык набыт болду.

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, Израиль армиясынын Газанын батышындагы Абу Хусайра көчөсүндөгү аль-Тертури үй-бүлөсүнө таандык үйдү бутага алышынын натыйжасында араларында аялдар жана балдар да болгон кеминде 5 палестиналык каза тапты.

Газанын түштүгүндөгү Сабра аймагында Израилдин согуштук учактарынын Хижази үй-бүлөсүнө таандык үйдү бомбалоосунун натыйжасында 2 палестиналык аял каза болду, жаракат алгандар жана урандылардын астында калгандар бар.

Газа тилкесинин түштүгүндө израилдик согуштук учактардын Рефах шаарынын чыгышындагы Женина кыштагында «Хатиб» үй-бүлөсүнө таандык үйдү бутага алуусунда кеминде 4 палестиналык каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Израиль армиясынын, Рефахтын борборундагы Шабура качкындар лагеринде жер которгон палестиналыктар жашаган «Хавакат» үй-бүлөсүнө таандык үйдү бомбалоосунун натыйжасында 6 палестиналык каза тапты.

Израиль армиясынын Рефах шаарындагы «Абу Таха» үй-бүлөсүнө таандык үйдү бутага алышынын натыйжасында да 5 палестиналык каза болду.

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери кол салууларын улантып, жер которгон палестиналыктар баш калкалаган жарандык конуштарды, ооруканаларды, мектептерди жана баш калкалоочу жайларды бутага алуу менен катар гуманитардык жардамдын кирүүсүнө бөгөт коюусунун себебинен болжол менен 2,3 миллион калкы бар Газа тилкесинде чоң гуманитардык апаат болуп жатат.



Тектеш кабарлар