Газада каза болгондордун саны 34 миң 454кө жетти

Газада Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

2132960
Газада каза болгондордун саны 34 миң 454кө жетти

Израилдин кол салууларын 7-октябрдан бери улантып жаткан Газа тилкесинде акыркы 24 саатта 66 палестиналыктын каза болгондугу, 138 палестиналыктын жараланганы жарыяланды.

Газада Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, «Израиль кол салуулардын 205-күнүндө 7 кыргын кылып, 66 киши шейит болду, 138 киши жараланды» деген маалымат камтылган.

Израилдин кол салуулары башталган 7-октябрдан бери каза болгон палестиналыктардын саны 34 миң 454кө, жаракат алгандардын саны 77 миң 575ке жеткени билдирилди.

Билдирүүдө урандылардын астында, тез жардам жана жарандык коргонуу топтору жете албаган жолдордо көп сандаган каза болгондор бар экени да баса белгиленди.



Тектеш кабарлар