ЮНИСЕФ: "Палестина аймактарында балдардын өлүмү токтошу керек"

ЮНИСЕФтин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча директору Адель Ходрдун билдирүүсү, ЮНИСЕФтин X социалдык медиа баракчасынан жарыяланды.

2130421
ЮНИСЕФ: "Палестина аймактарында балдардын өлүмү токтошу керек"

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) Палестина аймактарында балдардын өлүмүнүн токтошу керектигин билдирди.

ЮНИСЕФтин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча директору Адель Ходрдун билдирүүсү, ЮНИСЕФтин X социалдык медиа баракчасынан жарыяланды.

Ходр Израилдин акыркы 72 саатта Батыш Шерианын Тулкарим шаарында 3 баланы, Газанын түштүгүндөгү Рефах шаарында да 14 баланы өлтүргөнүн кабарлады.  

Палестина аймактарындагы балдардын абдан узак убакыттан бери трагедиялуу жана каардуу зомбулук циклинде камалып калганын айткан Ходр, Палестинада балдардын өлүмүнүн токтотулушу жана ок атышпоонун камсыздалышы керектигин баса белгиледи.

Израиль армиясынын радиосу, 18-апрелде Батыш Шерианын түндүгүндө жайгашкан Тулкерим шаарындагы Нур Шамс качкындар лагерине каршы «кеңири масштабдуу аскердик операция» башталганын жарыялаган.

Израиль аскерлеринин Нур Шамс качкындар лагерине кол салууларында 14 палестиналыктын каза болгондугу маалымдалган.

Окуяга күбө болгондор Израиль армиясынын кечээ кечинде лагерге жүргүзгөн операциясынын аяктаганын жана аймактан чегингенин айтышкан.



Тектеш кабарлар