Түркия - Европа Биримдиги мамилелери

Мицотакис, Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдигинин (ЕБ) Лидерлер саммитинин кире беришинде сөз сүйлөдү.

2129268
Түркия - Европа Биримдиги мамилелери

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис Европа Биримдигинин (ЕБ) Түркия менен карым- катнаштарына байланыштуу ушул убакка чейин чыгарган чечимдеринен канааттангандарын белгилеп, «Бул чечимдер ЕБ-Түркия карым-катнаштарында жылыш болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө»,-деди.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдигинин (ЕБ) Лидерлер саммитинин кире беришинде сөз сүйлөгөн Мицотакис, саммитте ЕБ-Түркия карым-катнаштары жана ЕБ комиссиясы тарабынан даярдалган прогресс отчетунун да карала турганын эске салды.

«Учурда мен жетишилген чечимдерге канааттанам. Бул чечимдер Евробиримдик-Түркия карым-катнаштарында жылыш болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө»,-деди.

Европа Биримдиги-Түркия карым-катнаштарынын Кипр маселесиндеги жагдайга жараша өнүгө аларын жактаган Мицотакис, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кипр боюнча жаңы атайын өкүлүнүн Кипр маселесин чечүүгө багытталган аракеттеринин жемишин берерин үмүт кылгандарын айтты.



Тектеш кабарлар