Индонезиядагы Руанг жанар тоосу активдешти

Сэм Ратуланги эл аралык аэропортунун жетекчилиги Руанг жанар тоосу активдешкенден кийин маалымат берди.

2133871
Индонезиядагы Руанг жанар тоосу активдешти

Индонезиядагы Руанг жанар тоосу активдешип, Манадо шаарындагы Сам Ратуланги эл аралык аэропортунун убактылуу кыймылга жабылганы маалымдалды.

Сэм Ратуланги эл аралык аэропортунун жетекчилиги Руанг жанар тоосу активдешүүсүнөн кийин маалымат берди. 

Жетекчилик вулкан чачкан күлдүн учактардын кыймылдаткычтарына коркунуч жаратканын, көрүү мүмкүнчүлүгү азайганын, ошондуктан аэропорттун  убактылуу жабылганын жарыялады.

Кырсыктарды башкаруу борборунун кызматкерлери да күлдүн бийиктиги болжол менен 2 километрге жеткенин жана анын айланасындагы конуштарды күл баскандыгын кабарлашты.

Эң жогорку деңгээлде коңгуроо коюлган аймакта жанар тоонун айланасындагы 6 километрлик аймактан алыс болууга чакырышты. 

Аэропорт 17 - апрелде Руанг жанар тоосунун атылышы менен убактылуу жабылган.

 

 



Тектеш кабарлар