Жозеп Боррел май айында Палестинанын расмий түрдө таанылышын күтүүдө

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясаттары боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел май айында Европа Биримдигинин айрым өлкөлөрүнүн  Палестинаны расмий түрдө таанышын күтүүдө.

2133977
Жозеп Боррел май айында Палестинанын расмий түрдө таанылышын күтүүдө

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясаттары боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел май айында Европа Биримдигинин айрым өлкөлөрүнүн  Палестинаны расмий түрдө таанышын күтүүдө.

Испаниянын расмий маалымат агенттиги  EFE дипломатиялык булактарга таянып берген кабарда Сауд Арабиянын борбор шаары Риядда өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумга катышкан Боррелдин бир топ журналист менен жолугушкандыгын жана палестина мамлекетинин таанылышына карата аракеттер тууралуу баа бергендигин жазды. 

Дипломатиялык булактар ​​Борреллдин жолугушууда «Эки мамлекеттүү чечим Палестинанын таанылуу маселесин да карашы керек, анткени мамлекет болбогон бир өлкө үчүн эки мамлекеттүү чечим болушу мүмкүн эмес»,- деп кайталаганын билдирди.

Берилген маалыматта "Айрым Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн  учурдагы шарттар эске алынганда Палестинаны таануу мүмкүнчүлүгүнө оң карашкандарын" баса белгилеген Боррелдин  айрым Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн так бир күндү бербесе да  май айында Палестина мамлекетин тааныйт турганынан үмүттүү экендигин айтканы билдирилди. 

Боррелдин : "Бул биргелешкен позициянын алынышы жактан Европа Биримдиги деңгээлинде талкууланган тема эмес. Улуттук чечимдер чыгарылат",- дегени белгиленди. 

Испания жол башчылык кылган жана лобби иштерин жүргүзгөн Палестина мамлекетинин таанылышы аракетине Ирландия, Словения, Мальта жана Норвегиянын колдоо бергендиги белгилүү.

 



Тектеш кабарлар