Рютте: «Түркия менен жакшы карым-катнаштар маанилүү»

Марк Рютте социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

2129146
Рютте: «Түркия менен жакшы карым-катнаштар маанилүү»

Нидерландиянын убактылуу өкмөтүнүн премьер-министри Марк Рютте, Түркия менен жакшы карым-катнаштардын өлкөсү жана Европа Биримдиги (ЕБ) үчүн маанилүү экенин айтты.

Марк Рютте социалдык медиа баракчасынан: «Түркия аймакта абдан таасирдүү геосаясий актер; НАТОнун союздашы жана терроризмге каршы күрөш, коопсуздук, климат, энергетика, экономика, миграция тармактарында өнөктөш»,-деп бөлүштү.

ЕБ саммитинде Түркия менен ЕБдин ортосундагы карым-катнаштарды күчтөндүрүү үчүн сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлгөнүн маалымдаган Рютте: «Түркия менен жакшы карым-катнаштар ЕБ жана Нидерландия үчүн маанилүү»,-деди.



Тектеш кабарлар