Палестинаны колдоо митингдери
Демонстранттар Израилдин Газага 7-октябрдан бери улантып жаткан кол салууларын айыпташты.
Дүйнөнүн төрт тарабында Палестинаны колдогондор Израилдин Газадагы кыргындарына каршы турууда.
Америка Кошмо Штаттарындагы Колумбия университетинде студенттер кампустун ичине Палестинага тилектештик лагери деп аталган чатырларды тигишти.
Лагердин алдында адам чынжырын түзгөн студенттер Израилдин кол салуулары токтотулганга чейин нааразылык акцияларын улантууну чечишти.
Британия да дагы бир жолу Израилге каршы митинг өткөрдү.
Жүздөгөн Палестина жактоочулары борбор калаа Лондондогу парламент имаратынын алдында чогулушту. Демонстранттар Израилге курал сатууну токтотууну талап кылышты.
Эмгек партиясынын депутаттары да катышкан митингде Британ өкмөтүнүн Израилге курал сатуусуна каршы нааразылык билдирилди. Өкмөттөн Израилди айыптоосу талап кылынды.
Швециянын Мальмё шаарында чогулган демонстранттар да Израиль түрмөлөрүндөгү палестиналыктардын бошотулушун талап кылышты.
Германиянын борбор шаары Берлинде да Палестина тарапкерлери көчөгө чыкты.
Ок атышууну дароо токтотууга чакырган демонстранттар Израилдин Газага 7-октябрдан бери улантып жаткан кол салууларын айыпташты.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.