Грузияда митингдер улантылууда

Грузияда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын парламентке сунуштаган «чет элдик таасирдин ачыктыгы” жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы нааразычылык акциялары уланууда.

2129147
Грузияда митингдер улантылууда

Грузияда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын парламентке сунуштаган «чет элдик таасирдин ачыктыгы” жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы нааразычылык акциялары уланууда.

Кечинде бобор шаар Тбилисидеги парламент имаратынын алдына миңдеген адамдар чогулду.

Нааразычылык акциясына чыккандар парламентте алдын ала жактырылган мыйзам долбоорунун кайра алынышын  талап кылышты.

Миңдеген адам Шота Руставели көчөсүн унааларга жаап, демонстрация учурунда "Орус мыйзамына жол жок" жана "Европа, туура жолду улант" деген ураандар менен жүрүштү.

Түнкү саат 00:00 чамасында Өкмөт имаратын көздөй баскан митингчилер  өкүлдөрүнүн премьер-министр Ираклий Кобахидзе менен жолугушуусун талап кылышты.

Грузия коопсуздук күчтөрүнүн кенен коопсуздук чараларды көргөн имараттын айланасында чогулган митингчилер бул жерде көптөгөн саат ураандарды жаадырышты.

Нааразычылык акциясына катышкан оппозициячыл партиялардын айрым өкүлдөрү Өкмөт имаратына кирүүгө аракет кылып полиция топтору да уруксат берген жок.

Нааразычылык акциясы учурунда эки киши камакка алынды.

Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы “чет элдик таасирдин ачыктыгы” мыйзам долбоорун алгач 2023-жылдын март айында парламентке сунуштаган.

Мыйзам долбоорунда каражаттын 20 пайыздан ашыгын чет өлкөдөн алган грузин уюмдарынын “чет элдик агент” катары каттоодон өтүшү керектиги, болбосо айып пул төлөшү керектиги  жазылган.

Оппозиция жана президент Саломе Зурабишвили мыйзам долбоорунун Россиянын көрсөтмөсү менен даярдалган деп, аны жокко чыгарууну талап кылышкан.

Оппозициячылдар долбоордун жокко чыгарылышы үчүн митингдерди баштап, парламентте депутаттардын арасында чыр  - чатактар чыгып, Тбилиси көчөлөрүндө митингдер болгон.

Митингдер күчөгөн сайын “Грузин кыялы” партиясы парламентте алдын ала жактырылган мыйзам долбоорун кайра алган.



Тектеш кабарлар